Ссылки доступа

Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады


Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды.

Президенттик аппарат кабарлагандай, тараптар мамлекеттик сатып алуу системасын реформалоо, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашты.

Мамлекет башчы Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2019-2022-жылдарга карата өнөктөштүк программасынын алкагында аймактарды өнүктүрүү маселелери артыкчылыктуу багыт катары аныкталганын белгиледи.

«Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү», - деди Сооронбай Жээнбеков жолугушууда.

Лилия Бурунчук тараптардын кызматташтык программасында аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин айтты.

«Дүйнөлүк банк өнөктөштүктүн жаңы стратегиясынын алкагында Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор даярдап жатат. Биринчи баскычта биз республиканын Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүүнү көңүл борборунда кармасак деген ниеттебиз. Долбоор маселелердин комплексин чечүүгө, тактап айтканда, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырууга, санариптештирүүгө, калкты суу менен камсыз кылуу, жолдорду жана инфраструктураны жакшыртуу маселелерин чечүүгө багытталат. Экинчи этапта долбоор өлкөнүн калган аймактарын камтыйт», - деди Бурунчук.

XS
SM
MD
LG