Ссылки доступа

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан» баш тартышы мүмкүн


Кытайдагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун төрагасы Шохрат Закир Пекин акырындык менен аймактагы «жарандарды кесипке үйрөтүүчү борборлордон» баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Гонгонгдогу англис тилдүү South China Morning Post гезити жазды.

«Жалпысынан айтсам, андагы адамдар акырындык менен азаят. Кайсыл бир күнү ал борборлор коом үчүн керек болбой калганда жабылышы мүмкүн. Азыр ал жактагы адамдардын саны тез-тез өзгөрүп турат. Бирок буга чейин айтылгандай алардын саны миллиондон кыйла аз », — деди Закир.

Басылма белгилегендей, Шохрат Закир аталган борборлордун ачылышы убактылуу чара экенин айткан жогорку кызматтагы алгачкы кытай аткаминери болду.

Пекин Шинжаңдагы бул жайларды «билим берүү борборлору» деп атап, алардын жардамы менен «азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүн» коомго аралаштырып, «экстремизм жана терроризмге» каршы күрөшүп жатканын билдирип келет. Былтыр Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттер тобу даярдаган баяндамада Кытайдын түндүк-батыш провинциясында «антиэкстремисттик борборлордо» миллионго жакын, мындан тышкары «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» дагы миллион адам мажбурлап кармалып турганы жазылган.

Шинжаңда уйгур, казак, кыргыз өңдүү азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрү жапырт кармалып, атайын түзүлгөн «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» жеткирилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын ортосунда пайда боло баштаган.

Күбөлөр андагы шарттар өтө начар экенин жана ал жактарда эч кандай кесипке үйрөтүү жок экенин билдиришкен. Айрым күбөлөр борборлордо кыйноолор болорун да айтышкан. Укук коргоочулар «кайра тарбиялоо» лагерлеринин» максаты аталган улуттардын «иденттүүлүгүн талкалоо» деп эсептеп келишет.

XS
SM
MD
LG