Ссылки доступа

АКШ адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады


Майк Помпео
Майк Помпео

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Быйыл анда негизги көңүл Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын абалына бурулган.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү менен укук коргоо уюмдары Кытай уйгурлар жана башка мусулман элдерин атайын лагерлерге камап, улуттук жана диний негизде тазалоо жүргүзүп жатканын белгилеп келишет.

Пекин болсо мындай аракетин экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Кытай бийлиги ал лагерлерди кесиптик окуу борборлору деп атап, анда жарандар мамлекеттин мыйзамдарын билип, кытай тилин үйрөнүп чыгышарын билдирүүдө.

Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Майк Помпео Вашингтон уйгурлардын укугун бузууга тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция киргизүү жолдорун караштырып жатканын айткан.

Баяндамада Орусияда өткөн былтыркы президенттик шайлоодо оппозициялык саясатчыларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берилбегени жазылган.

Ошондой эле анда аннексияланган Крымда адам укуктарынын абалы начарлаганы белгиленип, Украинанын чыгышындагы Орусиянын агрессивдүү аракеттерине көңүл бурулган. Баяндаманын авторлору байкоочулардын маалыматына таянып, орус бийлиги Донбасста украин жарандарын кармап, сотко өткөрүп бергенин жазышкан.

Баяндамада Чеченстандагы ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү сотсуз жазалоого кабылып жатканы белгиленип, орусиялыктар саясий жүйөдөн улам куугунтукка кабылып жатканы, үй бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш катары каралбай калганы жазылган.

XS
SM
MD
LG