Ссылки доступа

Тажик тарап чек арадагы жаңжал боюнча өз версиясын билдирди


Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Чек ара башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча расмий билдирүү таратты.

Анда 13-мартта Кыргызстан Исфара шаарынын Ворух жамаатынын аймагында Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолун кура баштаганы жазылган. «Кыргыз тараптын бул аракетине чек арага жакын жашаган тажик жарандары нааразылык билдиришкен. Жооп катары кыргыздар тараптан ок атылган. Кыргызстандын укук коргоо органдары Исфара-Ворух унаа жолун жаап, ал аркылуу тажик жарандарынын автоунааларын өткөрбөй турушкан. Мындан тышкары кыргыз чек арачылары «Ак-Сай» чек ара бекетинде «Газель» менен бараткан 30 тажик жаранын барымтага алышкан. Ворух жамаатына Баткен облусунун Ак-Сай айылынын төрага орун басары Жалчиева Эркина 50-60 кыргыз жараны менен келип, Ворухтун жашоочуларына таштарды ыргытышкан. Жыйынтыгында 11 тажик жараны түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары анда Чоркух айылы тараптан кыргыз жарандары аңчылык курал менен ок атып, андан Тажикстандын 43 жаштагы тургуну көкүрөк тушка ок жеп, ооруканада каза болгону, ошондой эле кыргыз жарандары Чоркух жамаатынын аймагындагы кампаны жана тегирменди өрттөп жиберишкени жазылган.

Тажикстандын Чек ара кызматы белгилегендей, жаңжалдын чыгышына Кыргызстандын Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы Разия Өсөрованын Кожо-Ало айылы менен чектеш аймакты басып алуу аракети түрткү болгон.

Душанбе учурда Ворух — Ак-Сай аймагындагы чек арадагы абал туруктуу экенин жана эки өлкөнүн чек арачыларынын көзөмөлүндө турганын белгилеген.

Ал ортодо Кыргызстандын Жогорку Кеңеши чек арадагы абалды жабык талкуулады.

Кыргыз Чек ара кызматы эртең мененки саат 10го карата Таш-Тумшук аймагында кыргыз жаранына таандык бир үй, Аudi үлгүсүндөгү унаа жана «КамАЗдын» чиркегичи өрттөнгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өрт чыккан жерге жөнөтүлгөн өрт өчүрүүчүлөрдү тажик жарандары Төрт-Көчө аймагынан өткөрбөй коюшкан. Мындан тышкары жаңжал маалында Баткен облусунун Ортобоз айылынын жашоочусуна таандык сарай өрттөлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG