Ссылки доступа

Түркмөн полициясы коомдук жайларда сүрөт жана видео тарткандарды кармап кетүүдө


Дашогуз жана Түркмөнабад облустарынын коомдук жайларында полиция кызматкерлери сүрөт жана видео тарткан кишилерди кармап кетишүүдө. Мындай окуялардын бири күн мурун Дашогуздун ири базарларында болгон. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

"Полиция кызматкерлери телефонуна сүрөт же видео тарткан жигитти кармап кетишти. Ал каршылык көрсөтүүгө аракет жасады. Бирок алар аны машинеге салып алып кетишти. Жигит телефонуна эмнени тартканын билбейм. Балким жөн гана кооз көрүнүштөрдү карап жүргөндүр”, – деди ал.

Түркмөнстанда бул сыяктуу “коркутуу акциялары” тез-тез болуп турат. Коопсуздук кызматкерлери эл аралык маалымат каражаттарына Түркмөнстандан сүрөт жана видео жөнөткөн кишилерди куугунтуктайт деген пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG