Ссылки доступа

Британ парламенти брекзитти жылдыруу үчүн добуш беришти


Британ парламенти өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу жараянын кеминде дагы үч айга жылдырды. Бул тууралуу BBC маалымдады. Брекзит мөөнөтүн кечеңдетүүгө депутаттардын 412си макул болуп, 202си каршы чыкты. Бул 29-мартта Улуу Британия Евробиримдиктен чыкпайт дегенди билдирет.

Эми чечимди ЕБ жактырышы керек.

Премьер-министр Тереза Мэй брекзит үч айга – 30-июнга чейин артка жылдырылышы мүмкүн экенин айтты. Эгер анда дагы британ парламенти келишимди кабыл албай койсо, Улуу Британия ар бир кечеңдетүүнү Евробиримдиктин бардык өлкөсү менен макулдашып чыгууга милдеттүү болот.

14-мартта парламентарийлер брекзит боюнча кезектеги референдум өткөрүү аракетин четке каккан.

2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон. Шотландия менен Түндүк Ирландия шаркеттин курамында калуу үчүн добуш берген. Бирок Лондон, Манчестер жана дагы бир нече ири шаарлардан башкалары, анын ичинде Уэльс өзүнчө бөлүнүп кетүүнү жактаган.

Референдумдан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетип, анын ордун Тереза Мэй ээлеген. Ал 2017-жылдын июнь айынан тарта ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG