Ссылки доступа

CPJ казак бийлигин журналисттердин ишине тоскоолдук кылбоого чакырды


«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) казак бийлигин журналисттерди, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкенди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Комитеттин 14-мартта жарыяланган билдирүүсүндө журналист нааразылык акциясын чагылдыргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы белгиленген.

«Сания Тойкен тагылган айыптарды четке кагып, бул иш анын журналисттик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу максатын көздөй турганын айтууда. Казак бийлиги Тойкенди жана социалдык маселелерди чагылдырган башка журналисттерди куугунтуктоону токтотушу керек. Биз казак бийлигин Тойкендин сот тарабынан белгиленген айыппул тууралуу апелляциясы боюнча даттанбоого жана анын өз ишин тоскоолдуксуз аткаруусуна мүмкүндүк берүүгө чакырабыз», — деди CPJ директору Карлос Мартинес де ла Серна.

«Азаттыктын» журналисти Сания Тойкен жумуш таап берүүнү талап кылып Жаңыөзөн акимчилигинин алдына чыккан жарандар менен сүйлөшкөндөн кийин 11-мартта кармалган. Эртеси шаардык сот аны «полициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, ага 50 500 теңге (130 доллардан ашык) өлчөмүндө айыппул салган.

Бул журналисттин акыркы бир айдын ичинде эле үчүнчү жолу кармалышы. Февралдын аягында Жаңыөзөндөгү жумушсуздардын акциясын чагылдырууга барган Сания Тойкен менен видеооператор Санат Нурбек кармалган. Анда аларды полиция бөлүмүндө алты саат кармап, суракка албастан жана эч кандай протокол толтурбастан эле коё беришкен. 12-февралда Тойкен адамдардан интервью алып жатканда кармалып, Астанадагы полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул кармоолордон кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир журналисттердин кармалышына тынчсыздануусун билдирген. Сания Тойкенге 2017-жылы октябрда «Журналистикадагы эрдиги үчүн» сыйлыгы ыйгарылган.

2011-жылдын 16-декабрында Жаңыөзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG