Ссылки доступа

Финполиция «Супер-Инфо» гезити боюнча билдирүү таратты


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) «Супер-инфо» гезитинин жетекчилигинин суракка чакырылгандыгы жана редакцияны текшерүү боюнча билдирүү таратты.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, быйыл январда аларга бир жаран кайрылып, «ЖМКны колдоо борбору» менен гезиттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп, «гезиттин нускасы тууралуу сайтта көрсөтүлгөн маалымат менен гезиттин өзүндө жазылган сандын ортосунда олуттуу айырмачылык» бар экенин билдирген.

«Сотко чейинки иликтөө учурунда «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

14-мартта гезиттин директору Шаиста Шатманова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылганын кабарлаган. Басылманын ээси Кылычбек Султан муну гезитти тартып алуу же оозун жабуу аракети болушу мүмкүн деп билдирген.

XS
SM
MD
LG