Ссылки доступа

Кыргыз саясатчылары Назарбаевдин кетиши тууралуу (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыргыз саясатчылары Назарбаевдин кетиши тууралуу. (Директтен видео)​

- Кекилик-чилге жем ташыган тоолуктар. Нарын районунун егерлери Теңир-Тоо аймагында канаттууларды коргоо жана алардын санын көбөйтүү максатында кыш бою бир тоннадай жем чачып чыгышты. Жаратылышты коргоочулар райондогу 680 миң гектар жерди байырлаган канаттуулар, айрыкча соңку кезде кескин азайып бараткан кекилик, чил, кыргоол сыяктуу канаттууларды камкордукка алышат. (Директтен видео)

- Чек арадагы эки эл элдешти. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу ачылды. Алгачкы автоунаалар жана адамдар өтүштү. Жергиликтүү тургундар да кол алышып элдешти. (Директтен видео)

- Молдалиев: Назарбаевдин мураскору бар. Саясий эксперт Орозбек Молдалиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мамлекет башчылыктан кетүү чечими боюнча пикирин билдирди. (Директтен видео)

- Назарбаевдин бийликтеги 29 жылы. (видео Директ)

- Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылды. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу ачылды. Алгачкы автоунаалар жана адамдар өтүштү. Ошол эле учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу да ачылды. Сүйлөшүүнүн натыйжасында Аксай-Тамдык жолу курулмай болду. Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. (видео)

- ЕАЭБдеги 2018-жылкы соода? (инфографика)

- Назарбаевдин президенттиктен кетүү тууралуу билдирүүсү. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчылык ыйгарым укуктарын тапшырды. Бул тууралуу ал 19-март кечинде элге кайрылуу маалында жарыялады. (видео)​

- - Жон Поммершайм: АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бекем мамилени колдойт. АКШнын Тажикстандагы жаңы элчиси Жон Марк Поммершайм америкалык дипмиссия кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көз салып жатканын билдирди. (Тажикстандан видео)

- Алматыдагы 15 тонналык тыйын чычканга тебетей кийгизип, жоогазын карматышты. Алматыдагы тыйын чычкандын эстелиги Ноорузга карата кооздолду. Эми анын колунда дээрлик беш метрлик жоогазын жана башында 20 килограммдык жашыл тебетей бар. (видео Директ)

- Эмне себептен Өзбекстандан Орусияга автоунаа жөнөтүү токтотулду? (видео Директ)

- Украина Крым үчүн соттордо кандай күрөш жүргүзүүдө? (Настоящее время)

- «Милиция кызматкерлери студенттерди стадиондо мажбурлап кармап турушкан». (Өзбекстандан видео)

- Нарын: Тоо боорундагы конок үй. Кышы узак жана суук Нарын өрөөнүндө бирин-экин конок үйдү эске албаганда хостел бизнеси жакшы калыптана элек. Бирок кышкы туризмди өнүктүргүсү келген ишкерлер Нарында жок эмес. Исабек Абдыгазиев карагай-черлүү тоого жакын конок үй салып, жайдыр-кыштыр меймандарды күтүп алат. (Кыргызстандан видео)

- Эмнеге Беларус ТИМи Орусиянын элчисин “үмүт берген эсепчи” деп атады? (Настоящее время)

- Минус $150 млрд. Крым үчүн Орусия канча акча коротуп жатат? (видео Директ)

- Өлөр алдында Орусиянын мурдагы басма сөз министри Лесиндин моюну сынган болушу мүмкүн. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG