Маалыматка караганда, былтыр октябрда Наманган облустук жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан акчаны Кыргызстанга жөнөтүү үчүн Чуст районуна алып бараткан төрт жаран кармалган.
Уйчи райондук соту бул топтун бардык мүчөлөрүн беш жыл беш айдан эрктеринен ажыратты.
Алардын 735 338 доллары конфискацияланып, акчаны Ташкенттен Чуст районуна алып бараткан автоунаасы мамлекеттин пайдасына алынды.