Ссылки доступа

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматта иштеген аялдарга гана автоунаа айдоого уруксат берилүүдө (видео)


Ашхабад (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабад (иллюстрациялык сүрөт)

Ашхабад полициясы дале болсо автоунаа башкарып бараткан кыз-келиндердин айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюуда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, ошол эле маалда мамлекеттик мекемелерде же ишканаларда эмгектенгендигин ырастаган маалымкаты бар аялдарга автоунаа айдоого уруксат берилүүдө.

«Эгер аялдын мамлекеттик мекемеде же ишканада иштегенин ырастаган маалымкаты болсо, аларга автоунаа айдоого уруксат берилүүдө. Калган аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып коюп жатышат», — деп жазды басылма.

​Акыркы бир нече жылдан бери Түркмөнстандагы кыз-келиндер айдоочулук күбөлүк алууга жана автоунаа айдоого байланышкан көйгөйлөргө туш болуп келишет. Аялдардын айдоочулук күбөлүктөрүн жапырт алуу өнөктүгү быйыл февралда башталган.

Маалыматка караганда, жол полициясы кыз-келиндерге таандык транспорт каражаттарынын техникалык паспортторунун мөөнөтүн узартуудан баш тартууда.

Өлкө бийлиги полиция кызматкерлеринин мындай аракеттеринин себептерин түшүндүргөн жок. Расмий маалымат каражаттары болсо бул теманы чагылдырбай келишет.

Ашхабадская полиция отбирает у женщин водительские удостоверения
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00
XS
SM
MD
LG