Ссылки доступа

Тажик уюлдук операторлору интернетти кымбаттатуу мөөнөтүн жылдырууну өтүнүп жатышат


Тажикстандын уюлдук операторлору интернеттин баасын жогорулатуунун мөөнөтүн 1-майга чейин жылдырууну өтүнүп жатышат.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы быйыл 27-марттан тарта интернеттин баасын эки эсеге жогорулатуу чечимин кабыл алган. Учурда өлкөдө бир гигабайт интернет 30-35 сомони болсо, тарифтер жогорулагандан кийин анын баасы 60 сомониге же 7 долларга жетет. Мындан тышкары «Точиктелеком» улуттук компаниясынан башка уюлдук операторлордун түйүн ичиндеги чалуулары дагы 10 эсе кымбаттайт.

Маалыматка караганда, жергиликтүү уюлдук операторлордун кайрылуусу Монополияга каршы кызматка 19-мартта берилди.

«Уюлдук операторлор бардык тиешелүү түзүмдөргө кат жолдоп, бул буйруктун терс кесепеттери тууралуу кооптонууларыбызды айттык. Азыр 100 сомони турган интернет топтому 372 сомони болуп калганын элестетсеңер! Элдин жашоо-шартын эске алганда мындай интернетти ким сатып алат?», - деп суроо салды уюлдук операторлордун биринин аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү.

Анын айтымында, эгер бийлик алардын бул өтүнүчүн укпаса, анда бир жумадан кийин Тажикстанда интернет эки эсеге кымбаттайт. Ошол эле маалда зым менен берилген интернеттин баасы өзгөрүүсүз калат.

Кайрылуунун авторлору Монополияга каршы кызмат бир компанияга артыкчылык берүү менен өлкөнүн жалпы экономикасынын, анын ичинде телекоммуникациялык базарынын өнүгүүсүн коркунучка кептеп жатканын белгилешти.

Бүгүнкү күндө Тажикстандагы интернет дүйнөдөгү эң кымбат интернеттердин бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG