Ссылки доступа

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти (видео)


Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Казакстанда Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи Казакстандын парламентинде өттү.

Касым-Жомарт Токаев ант берген соң ага өлкөнүн Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев президенттин эң белгилерин тапшырды. Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат жетиде Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялаган. Ал президенттин милдетин убактылуу түрдө Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткарарын билдирген. Назарбаевдин айтымында, Токаев – өлкөнү башкарууда ишенчиликтүү адам.

ТАСС маалымдагандай, Токаев Казакстандын борбору Астананы Нурсултан деп жарыялоо керектигин айтууга үлгүрдү.

Нурсултан Назарбаев Казак ССРинин президенти болуп биринчи жолу 1990-жылы 24-апрелде шайланган. Кийин өлкө көз карандысыз болуп жарыялангандан соң да жогорку кызматын сактап калган. 2015-жылы 26-апрелде Назарбаев бешинчи мөөнөткө шайланган. Бул ирет ал добуштардын 97,7 пайызын алган. Баш мыйзамдагы «Улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.

Эл аралык коомчулук Назарбаевди кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен президенттик ыйгарым укуктарын узартып алган деп айыптап келген. Freedom House эл аралык уюмунун басма сөз рейтинги боюнча Казакстан 197 өлкөнүн ичинен 175-орунда турат. “Чек арасыз кабарчылар” Назарбаевди сөз эркиндигин кысымга алган “жырткычтардын” тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG