Ссылки доступа

Нур-Султанда журналист Светлана Глушкованын иши боюнча сот 2-апрелге жылды


Нур-Султан шаарында «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын иши боюнча административдик жараян 2-апрелге жылды. Укук коргоочулар бул ишти журналисттин ишине тоскоолдук кылууга багытталган бийликтин аракети катары баалап жатышат.

1-апрелдеги сот отурумунда судья жабырлануучу тараптын талабына ылайык журналисттер залдан чыгышы керектигин билдирген. Буга байланыштуу Глушкова судьяны алмаштыруу боюнча өтүнүч келтирген.

22-мартта Глушкова Нур-Султандагы «Шапагат» базарында кармоолорду чагылдырып жатканда, журналистти полиция кызматкерлери алып кеткен. Полиция бөлүмүндө аны беш саат кармашкан. Кийин протокол толтурбасан бошотушкан. 31-мартта Глушкова Алматыдан учуп келе жатканда кайра кармалган. Андан соң сотко чакыруу кагазын алган.

28-мартта «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Казакстандын бийлигин журналисттерге карата басымды токтотууга чакырган. Кайрылууда «жергиликтүү бийлик журналисттердин өз милдетин аткарууга тоскоол болуп жаткан куугунтукту токтотушу керек» деп жазылган.

22-мартта Казакстандын Астана, Алматы, Шымкент шаарларында Нооруз майрамында акцияга чыккан бир нече кишини полиция кармап кеткен. Алар башкалааны Нур-Султан деп өзгөртүүгө жана бийликтин саясатына нааразылык билдирип чыгышкан.

XS
SM
MD
LG