31-мартта Абдулазиз Камилов башында турган Өзбекстандын өкмөттүк делегациясын Ооганстандын президенти Ашраф Гани кабыл алды. Анда тараптар экономикалык маселелер жана инфраструктуралык долбоорлор менен катар тынчтык жараяны тууралуу дагы сүйлөштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ашраф Гани ооган өкмөтү «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин белгилеп, жолугушууну Самарканд шаарында өткөрүү сунушу үчүн өзбек делегациясына ыраазычылык билдирди.
Өзбек делегациясынын мүчөлөрү Ооганстандагы тынчтык үчүн кызматташууга жана өлкөнүн экономикалык тармагына жардам берүүгө даяр экенин белгилешти.