Тажикстан башчысы көңүл бурууну талап кылган маселелер бар экенин, каттоого алуу, жумуш үчүн патент берүү жол-жоболорун жеңилдетүү, мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук макамдарын аныктоо зарылдыгын белгиледи.
Тажик президенти Душанбе Орусиядан эмгек мигранттары үчүн кезектеги мунапысты күтүп жатканын кошумчалады.
2017-жылы жарыяланган мунапыстан кийин 120 миңдей тажик мигранты жумуш иштөө үчүн кайрадан Орусияга кирүүгө мүмкүнчүлүк алган. 100 миңден ашуу киши Орусиядагы ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырган. Эмгек министри Сумангүл Тагойзода акыркы жолу бардык мигранттарга мунапыс тууралуу кабар берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.
Эмомали Рахмон Орусияга расмий сапар менен 16-апрелде келген. Бүгүн ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Анын жүрүшүндө эки тараптуу документтерге, анын ичинде Тажикстандан Орусияга мигранттарды жөнөтүү келишимине кол коюлат.
Расмий маалыматтар боюнча Орусияда тажикстандык бир миллиондон ашык мигрант иштейт.