Ссылки доступа

Иран ТИМ башчысы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн алдында Дамаскка келди


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кийинки жумада Казакстанда өтө турган Сирия жаңжалын жөнгө салуу жыйынынын алдында Дамаск шаарына келди.

16-апрелде Зариф менен Сирия президенти Башар Асад Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасын, Дамаск менен Тегерандын ортосундагы байланыштардын маанилүүлүгүн талкуулашты.

Иран менен Орусия Асаддын негизги өнөктөштөрү. Козголоңчул топторду колдогон Түркия менен бирге алар Сириядагы жаңжалга чекит коюу үчүн Астана сүйлөшүүлөрүн демилгелешкен.

Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 25-26-апрелде Нур-Султан шаарында өтөрү күтүлүүдө.

Иран менен Орусия 2011-жылы мартта Сирияда башталган согушта Асаддын күчтөрүнө олуттуу аскердик жардам көрсөтүштү. Түркия менен Кошмо Штаттар ар кыл козголоңчул топторду кубаттоодо.

XS
SM
MD
LG