Ссылки доступа

Түркмөнстан өлкөдө расмий түрдө таанылган чет өлкөлүк окуу жайлардын тизмесин жарыялады


Түркмөнстан Билим берүү министрлиги дипломдору өлкөдө жарактуу болгон чет мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тизмесин түздү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, билим берүү секторунун кызматкерлери мектептерде жолугушуу өткөрүп, жогорку класстын окуучуларына жана ата-энелерине диплому Түркмөнстанда жарактуу болгон окуу жайларды тандоо кеңешин беришүүдө. Редакция дипломдору Түркмөнстан Билим берүү министрлиги тарабынан жактырылган чет өлкөлүк окуу жайлардын тизмесин алды.

Бул тизмеге ылайык, Беларус менен Грузияда бирден, Казакстанда эки жана ондогон орусиялык, индиялык жана Кытайдагы жогорку окуу жайлар бар. Түркмөнстан Билим берүү министрлиги Казакстандын Аль-Фараби атындагы улуттук университети менен Гумилев атындагы евразиялык университетин жактырган.

​“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, мындан ары билим берүү министрлигинин тизмесиндеги жогорку окуу жайларда окуган студенттерге гана Түркмөнстандан акча жөнөтүүгө мүмкүн болот. Бул тизме 1-сентябрда күчүнө кирет.

Маалыматтарга караганда, жаңы эреже буга чейин тизмеге кирбеген окуу жайларда окуп жаткан студенттер үчүн жайылтылбайт.

XS
SM
MD
LG