Ссылки доступа

Демократтар: Трамп сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жараткан


Роберт Мюллер
Роберт Мюллер

АКШ Конгрессиндеги демократтар 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын кийлишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин отчетунда президент Дональд Трамптын сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратканы тууралуу далилдер камтылганын ырасташууда.

Өкүлчүлүк палатасы комитетинин башчысы Жеррольд Надлер Конгрессте эми президентти жоопкерчиликке тартуу боюнча толук негиз бар экенин айтты. Надлер комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү үчүн Мюллерге чакыруу жөнөттү.

Мюллердин 448 барактан турган отчету башкы прокурор Ульям Барр тарабынан жарыяланды. Барр иликтөөнүн алкагында президент Дональд Трамптын жана анын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн орустар менен байланышта болгону ырасталбаганын билдирди.

Ошол эле маалда документте президенттин таптакыр күнөөсүз экени тууралуу бүтүм чыгарууга жол бербей турган фактылар да бар.

Баяндамада Трамп Мюллерди кызматтан кетиртүүгө буйрук бергени, ФБР директору Жеймс Коминин отставкасы жана башка президенттин иликтөөнү көзөмөлгө алуу аракеттери сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу белгилерин камтый турганы айтылат.

Өкүлчүлүк палатасындагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Стени Хойер азыркы тапта демократтар президентке импичмент жарыялоону демилгелебей турганы оң экенин белгиледи. Анын айтымында, бир жарым жылдан кийин президенттик шайлоо өткөн соң, “америка эли өз өкүмүн чыгарат”.

Мюллердин иликтөөсүн кескин сынга алып келген Трамп баяндаманы өзүнүн күнөөсүз экенинин далили деп баалады. “Кутум дагы, сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу дагы болгон эмес. Бүгүн жакшы күн”, – деди Трамп.

Мюллердин баяндамасында Орусия хакердик чабуулдар, “троллдор фабрикасы” аркылуу АКШдагы шайлоого таасир этүүгө аракет жасаганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG