Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча буга чейинки соттук отурумда адвокаттар сунуш кылган эки филолог адис көрсөтмө берип, ал айыпталып жаткан «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай турганын айтышкан.
Сотко байкоо жүргүзүп жаткан жарандык активист Бурул Макенбаеванын айтымында, бүгүн да эксперттерди угуу уланат:
- Дагы бир эксперт сүйлөйт бүгүн. Зайнидин Курманов. Буга чейинки сүйлөгөндөр ал жерде улут, дин же расалык кастык жок дешкен.
2018-жылы 1-мартта УКМК окутуучу Темир Болотбекке «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.