Ссылки доступа

Казакстанда таза шайлоону каалаган активисттерди колдогон акция өттү (видео)


28-апрель күнү кечинде ондогон жаштар Ишим дарыясынын жээгине чогулуп, “Чындыктан качып кутула албайсың” акциясына катышканы үчүн административдик жоопко тартылгандарга тилектештик билдиришти.

Чогулгандар 15 күнгө камалып, айыппулга жыгылган активисттердин сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү.

«Сотто адвокат алардын күнөөсүз экенин далилдеди, бирок аларды баары бир 15 күнгө камап коюшту. Жалган жалаа жабышты – полиция протоколдо баннерлерде “Улут лидери – улут шермендеси” деген жазуулар бар экенин белгилеген. Чындыгында алар “Чындыктан качып кутула албайсың” деген ураандар менен чыгышкан. Муну менен биздин соттор, полиция кызматкерлери өз жүздөрүн көрсөтүштү. Бизде сот системасы адилеттүү эмес», — деди акция катышуучусу.

Иш-чарага келген Екатерина Цхай чогулгандар бири-бирин тааныбай турганын, Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу биригишкенин белгиледи.

Буга чейин “Чындыктан качып кутула албайсың” баннери үчүн камалгандарды колдоо максатында Казакстандын Улуу Британия, Чехия, Франция, Грузиядагы элчиликтеринин алдында акциялар өткөн.

Казакстандын Алматы шаарында эл аралык марафон учурунда эки активист - Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбаев таза шайлоого чакырык таштагандан кийин "митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузган" деген айып менен 15 күнгө камакка алынган.

23-апрелден тарта Асия Төлесова соттун чечимине каршылык көрсөтүп, ачкачылык кармап жатканы кабарланган.

Эл аралык Freedom House, Amnesty International укук коргоо уюмдары казак бийлигин активисттерди бошотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG