Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаарынын мэриясы уруксат берген эмес. Андыктан милиция кызматкерлери адегенде жөө жүрүшкө чыккандарды токтотууга аракет кылышкан, бирок кийин кайра тоскоол кылбастан, тартипти сактоого чакырып, жолду бошотуп беришкен.
Жөө жүрүштүн 500гө жакын катышуучулары Балыкчы шаарынын мэриясынан чыгып, шаардын автобекетин көздөй басышкан. Ал жактан алар таксиге олтуруп, Бишкекке келип, митингди баш калаадан уланта турганын ишарат кылышты.
Буга чейин 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан.