Буга чейин Биринчи май райондук соту митингди уюштуруп жаткан «Жашылдар» партиясына уран кенине байланыштуу нааразылык акциясын Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө уруксат бербей койгон.
Сот 30-апрель күнү Ала-Тоо аянтында башка иш-чара өткөрүлөөрүн жүйө кылып, «Жашылдар» партиясына Горький гүлбагында акция өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев тыюуга карабай Ала-Тоо аянтына акция өткөрүү пландалып жатканын маалымдаган.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. (KR)