Ссылки доступа

Кыргызстан-Кытай газ куурунан көгүлтүр отун алуу каралууда


Алай жана Чоң-Алай райондорун аралап өтүүчү «Кыргызстан-Кытай» газ куурунан Кыргызстандын түштүк аймактарына көгүлтүр отун алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин атайын билдирүүсүндө айтылат.

Комитет башчысынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдиргендей, маселе толук чечилиши үчүн долбоорго катышкан өлкөлөр менен бир сыйра сүйлөшүп чыгуу зарыл.

«Кыргызстан-Кытай» газ түтүк долбоору «Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай» магистралдык газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Аны куруу боюнча келишимге кыргыз өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтү 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде кол койгон.

Алгач курулуш иштерин баштоо 2016-жылга пландаштырылган. Куурдун Тажикстандагы линиясын бүткөрүү кечеңдегенден улам, кытай тарап Кыргызстандагы жумушун артка жылдырган. Курулуш быйыл жайда же күздө башталышы керек.

Кыргызстандын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымга созулат, долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт. Өкмөт 30 жылда долбоордон Кыргызстанга 2,15 млрд. доллар каражат түшөрүн кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушту алып баруучу «SINO-Pipeline International Company Limited» компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунду 19-апрелде кабыл алып, түтүктүн курулушун талкуулаган.

XS
SM
MD
LG