Ссылки доступа

Ирактан Тажикстанга 84 бала кайтарылды


30-апрелде Багдаддан Душанбеге тажик балдар жана өспүрүмдөр тобу келди. Алардын саны 84.

Алардын айрымдары бир нече жыл мурун ата-энелери менен бирге Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга чыгып кетишкен, айрымдары ошол өлкөдө жарык дүйнөгө келген. Балдардын аталары өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон, апалары Багдаддагы түрмөлөрдө отурушат. Расмий маалыматтар боюнча Ирак түрмөлөрүндө тажикстандык 43 аял жазасын өтөөдө.

84 таджикских детей и подростков возвращены на родину из Ирака
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Тажикстан бийлиги Ирактагы балдарды кайтарууга аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлиги, эл аралык уюмдар, анын ичинде ЮНИСЕФ колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Учурда дагы 11 тажик бала апалары менен Ирактагы түрмөлөрдө кармалууда.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги 84 баланын баары Варзоб капчыгайындагы «Харангон» санаторийине жөнөтүлөрүн маалымдады. Балдар Омбудсмени Ражабмо Хабибуллозода ал жакта балдар ден соолугун жана психикалык абалын чыңдашарын билдирди. «Алардын туугандары өз каалоосу менен балдарды өз камкордугуна алса болот. Ал эми андайлар болбосо, балдарга мамлекет кам көрөт жана аларды коомчулукка аралаштыруу жана билим берүү үчүн бардык чара көрүлөт», – деди Хабибуллозода.

XS
SM
MD
LG