Ссылки доступа

Коммунисттер жөө жүрүшкө чыкты (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Коммунисттер жөө жүрүшкө чыкты. Депутат Исхак Масалиев башында турган Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата эски аянттан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Алар шаар тургундарын бүгүнкү майрамы менен куттукташты. "Азаттык" бул күндүн маани-маңызы тууралуу айрым жашоочуларга суроо узатты. (видео)

- Жаш мугалимдин кыялын чектеген дарт. 25 жаштагы Айзада Cагынбек кызы 12 жылдан бери полиартрит оорусу менен күрөшүп келет. Айзада өзү жашаган Кемин районунун Алтымыш айылына коңшу жайгашкан айылдагы мектепте англис тилинен сабак берген жалгыз мугалим болчу. Бир жыл мурун турмушка чыгып, балалуу болгон келин төрөттөн кийин оорусу күчөп, баспай калат. Анын жолдошу келинди майыптыгынан улам баласынан баш тартып, таштап кеткен. Төшөктө жаткан Айзада кайрадан мектепте балдарга сабак берүүнү, баласын колго алып, басуу кыялы менен жашап келет. (видео)

- Нур-Султан менен Алматыдагы каршылык акциялары. (сүрөт баян)

- Казакстанда президенттике талапкерлер кол топтоого үлгүрүшөбү? (видео)

- 84 тажик бала Ирактан мекенине кайтарылды. (видео)

- Психиатриалык оорукананын санитардык дарыгери оорулууну жерге жыгып, муунтту. (видео)

- Гуайдо Венесуэлада бийликти алмаштыруунун соңку айлампасын жарыялады. (видео Директ)

- Кайрат: Гонконгдо чоң перспективалар бар. Кыргызстандык Кайрат Эшболотов Гонконгдогу окуучуларга математикадан сабак берет. Кыргызстанга тажрыйба топтогондон кийин келүү ниетинде. (видео)

- Жапония императору жаш курагына байланыштуу тактан баш тартты. (Настоящее время)​

- Токаевдин атасынын кичи мекени президенттин келишин күтүүдө. (видео)

-Кытай дүйнөлүк экономиканы өзүнө ылайыкташтырууда. (видео Настоящее время)​

- Эркектердин аткаруусундагы тажик бийлеринин абалы (видео)

- Шри-Ланкадагы теракттардын уюштуруучулары тууралуу эмне белгилүү? (Настоящее время)​

- Тажикстандагы сел жана суу ташкындарынан улам жолдор жабылган, жүргүнчүлөр суткалап трассада күтүп турушат. (видео Директ)

- Миграциялык "Орус тилин алып жүрүүчү" программасы кандай иштөөдө? Борбор Азиядан эң эле көп орустар Орусияга жер которушкан. Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан кеткендер көп. Орусия беш жыл мурун орус тилинде сүйлөгөндөр үчүн паспорт алуу шарттарын жеңилдеткен. (видео Директ)

- Тажик иликтөөчүлөрү көкжалдын изине түшүштү (видео)

- Рудаки: бир нече мааленин тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.(Тажикстандан видео)

- Түндүк Кореянын башчысы кантип эң саркеч диктаторго айланды?(видео Директ)

- Рудаки районундагы сел. Тажикстандын борбордук бөлүгүндө нөшөр жаан жаап, сел жүрдү. (сүрөт баян)

- Орусиялык ММКлар Порошенкону жек көрүшкөн. Зеленскийден эмнени күтүшөт? (видео Директ)

- Каратау жоогазындары. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG