Ссылки доступа

Ирактан кайтарылган тажикстандык балдар санаторийге жайгаштырылды (видео)


Варзоб капчыгайындагы «Харангон» санаторийине Ирактан алынып келген балдар жайгаштырылды. Бул жакка чоочун кишилердин келүүсүнө тыюу салынды, тартип сакчылары күндүр-түндүр нөөмөттө турат.

Бийлик «Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчыларына балдар менен баарлашууга уруксат берген жок. Алар бул чечимин балдардын укугун коргоо менен байланыштырышты. Маалыматтарга караганда, санаторийде бардык шарт түзүлгөн.

Санаторий "Харангон" стал пристанищем для таджикских детей, вывезенных из Ирака
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

Ирактан келген балдар медициналык кароодон өтүштү, ден соолуктары жайында.

«Бардык балдар рентген текшерүүдөн өттү. ВИЧ, кургак учук, сарык жана безгекке карата анализ тапшырышты. Бактыга жараша, олуттуу оорулар менен жабыркагандар жок. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар Салматтык сактоо министрлигинин камкордугунда болот жана балдар үйлөрүнө бөлүштүрүлөт. Мектеп жашындагы балдарды Билим берүү жана илим министрлиги мектеп-интернаттарына жөнөтөт», – деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед.

Учурда балдардын документтерин толуктоо, тек-жайларын аныктоо иштери жүрүүдө. Туугандары кайрылса, балдарды алардын кароосуна берүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

30-апрелде түндө Ирактан кайтарылган 84 бала түшкөн учак Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүнүн аэропортуна конгон. Балдардын айрымдары бир нече жыл мурда ата-энелери менен бирге Ирактагы согуш болгон аймактарга кеткен болсо, кээлери ошол жакта туулган.

Алардын өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топко кошулган аталары өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон. Энелери Багдаддын түрмөлөрүндө отурушат. Дүйшөмбүнүн расмий маалыматына караганда, учурда Ирактын абактарында Тажикстандын 43 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Ушу тапта 11 бала энелери менен кошо Ирактын түрмөлөрүндө калды.

XS
SM
MD
LG