Ставрополь крайынын айыл чарба министринин орун басары Андрей Олейников Түркмөнстанга 10 мин тонна жаздык буудайдын үрөөнү экспорттоло турганын айтты.
Түркмөнстан чет өлкөдөн буудай үрөөнүн сатып алары тууралуу маалымат өлкөдө ун тартыштыгы күч алган маалда чыкты. 20-апрелде “Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө ундун баасы кымбаттап, сатууга чектөө коюлганын билдирген.
“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы 2018-жылы өлкө пахта жана буудай жыйноо боюнча планды аткара албай калганын маалымдаган.
Учурда Түркмөнстанда нөшөрлөгөн жамгырдан улам эгин талаалары селден жабыркоодо.