Каттамдар 1-июндан тарта башталат.
Быйыл 4-апрелде Авиациялык коопсуздук боюнча европалык агенттик (EASA) “Түркмөн аба жолдоруна” Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө учууга тыюу салган.
Түркмөн авикомпаниясынын каттамдары эмне себептен токтотулганы так айтылган эмес. Түркмөн тарап эл аралык коопсуздук талаптарын сактоону тастыкташы керек экени маалымдалган.
Февралдын ортосунда “Түркмөн аба жолдору” ”Lufthansa Consulting” компаниясына кайрылып, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү үчүн аба коопсуздугу жаатындагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга жардам сураган.