Ссылки доступа

Ким Чен Ындын агасынын өлүмү үчүн соттолгон экинчи аял эркиндикке чыкты


Доан Тхи Хыонг
Доан Тхи Хыонг

Апрелде Түндүк Корея лидеринин улуу агасын өлтүргөнү үчүн соттолгон Вьетнамдын 28 жаштагы жараны Доан Тхи Хыонг өкүм жарыялагандан бир ай өткөн соң эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Time журналы анын адвокатына шилтеме берүү менен билдирди.

Ким Чен Нам 2017-жылы Куала-Лумпур шаарынын аэропортунда киши колдуу болуп өлгөн. Малайзиянын полициясы вьетнамдык Доан Тхи Хыонг жана индонезиялык Сити Айсианы кармаган. Айыптоочулардын версиясына караганда, эки аял Ким Чоң Намдын бетине уулуу затты чачып кетишкен. Айыпталуучулардын адвокаттары экөө тең алданып калганын, алар реалити-шоуго катышып жатабыз деп ойлошконун билдирген.

Доан Тхи Хыонг 1-апрелде үч жыл төрт айга түрмөгө кесилген. Кармалгандан бери жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгү өткөндүгүнө байланыштуу вьетнамдык аял мөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча өтүнүч жолдогон. Сити Айсиа март айында эркиндикке чыккан.

Ким Чон Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы. Акыркы жылдары негизинен чет өлкөдө жашап, Түндүк Корея бийлигин ачык сындап келген.

XS
SM
MD
LG