Ссылки доступа

Казакстанда баннерлер үчүн кармалган активисттер эркиндикке чыкты


21-апрелде Алматыда өткөн марафон маалында таза шайлоого чакырган баннерлерди илгендиги үчүн 15 суткага камалган активисттер Асия Тулесова менен Байбарыс Толымбеков жекшембиде эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Асия Тулесова өзү билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү чечимди түрмө жетекчилиги медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин 5-майда кабыл алган. «Бейбарыстын кан басымы жогору болчу. Менин саламаттыгым да начарлап кеткени аныкталды. Ошондуктан абак жетекчилиги бизди белгиленген мөөнөттөн эрте бошотуу чечимин кабыл алды», — деди Тулесова.

34 жаштагы Асия Тулесова менен 20 жаштагы Бейбарыс Толымбеков 21-апрелде Алматыда өткөн марафон маалында кармалган. Анда алар жол боюна «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерлерди илишкен. Сот ошол эле күнү экөөнү тең «митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузуу» айыбы менен 15 күнгө камакка алган.

Анда өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев активисттер «спорттук иш-чара өткөрүүгө тоскоолдук кылышканын» айткан. Аларды колдогон акциялар 23-апрелден бери дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө, анын ичинде Чехия, Улуу Британия, Канада, Франция жана Венгрияда өтүп келген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин Тулесова менен Толымбековду тез арада бошотууга чакырышкан. Amnesty International уюму аларды «абийир туткуну» деп тапкан.

XS
SM
MD
LG