Ссылки доступа

Латвияда Тажикстандын 19 жараны эмгек кулчулугунан куткарылды


Латвия бийлиги өлкөдө Тажикстандын 19 жараны эмгек кулчулугунан куткарылганын билдирди. Учурда алардын үчөөсү мекенине кайтып келсе, калган 16сы Латвиядагы мамлекеттик лагерде кармалып турушат.

Жергиликтүү LNT телеканалынын маалыматына караганда, тажик жарандары Латвиянын Мамлекеттик эмгек инспекциясына кайрылып, төрт айдан бери курулуш компаниялардын биринде иштеп, тамактанууга да жетпеген акча алып жаткандыктарына даттанышкан.

Аталган мекеменин өкүлү Байба Пушукалненин айтымында, текшерүү маалында тажик жарандары эмгек кулчулугуна кабылганы аныкталган. Жумуш берүүчү алар качып кетпесин деп паспортторун алып койгон.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Латвиянын аймагында мигранттар эмгек кулчулугуна кабылган алгачкы учур.

«Үч мигрант жашаган бөлмөдө сегиз картөшкө жана эки пияз гана болгон. Муздаткычы бош экен. Жумуш берүүчү аларга өтө эле аз акча төлөп келген. Мигранттардын айрымдары ооруп да калышкан. Алар ачкалыктан улам ооруган болушу мүмкүн», — деди «Башкалка жана коргоо» деп аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Сандра Залтсман. Учурда ал кулчулуктан бошотулган тажик жарандарына каржылык жана юридикалык жардам көрсөтүүдө.

Латвия ИИМинин өкүлү учурда өлкөдө каттоодон өткөн бардык мигранттардын эмгек шарттары текшериле баштаганын билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү мигранттардын көбүн украин жана тажик жарандары түзөт.

XS
SM
MD
LG