Ссылки доступа

Душанбе Сириядан 34 тажикстандык аялды алып келүүгө ниеттенүүдө


Сириядагы БУУнун качкындар лагеринде кармалып турган 34 тажикстандык аял мекенине кайтууга жардам берүү өтүнүчү менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) кайрылды. Алардын ар биринин бирден беш жашка чейинки курактагы балдары бар.

30-апрелде Иракта «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен тажик жарандарынын 84 баласы Тажикстанга кайтарылган. Бирок дале болсо бир дагы чоң киши мекенине алып келине элек.

Тажик бийлиги Сириянын Демократиялык күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Эль-Хасак аймагында тажик аялдар менен балдардын саны кыйла көп болушу мүмкүндүгүн билдирди. Алардын көбүн «ИМ» тобу ээлеп алган аймактарды бошотуу маалында күрттөр туткунга алышкан. Азырынча быйыл март жана апрель айларында Сириядагы жоочулардын борбору эсептелген Багузда куткарылган тажик жарандарынын так саны аныктала элек.

3-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча иштер башталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, майдын соңуна чейин аталган өлкөгө дипломаттар жиберилет. ​Анда алардын кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтыла элек.

Ирактын түрмөлөрүндө узак мөөнөттөргө соттолгон 43 тажикстандык аял бар. Тажик бийлиги алардын балдарын мекенине алып келген. Учурда ал аялдардын өзүлөрүн дагы кайтаруу аракеттери көрүлүүдө.

3-майда Сириянын Демократиялык күчтөрүнүн өкүлү Салах Кемин качкындар лагеринде кармалып турган аялдар жоопкерчиликке тартылбай турганын билдирген. Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө мекендештерин кайтаруу боюнча тез арада чараларды көрүү өтүнүчү жазылган каттар жөнөтүлгөн. Азырынча аймактагы өлкөлөрдөн Казакстан гана 50гө жакын балалуу аялды жана бир нече эркек кишини мекенине алып кеткен.

XS
SM
MD
LG