Ссылки доступа

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант токмоктон өлгөн


Санкт-Петербург шаарынын Москва районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен токмоктолуп өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Текшерүү учурунда ал 30 жаштагы кыргызстандык жаран экени аныкталган.

Окуянын чоо-жайын Кыргызстандын консулдугу полиция менен чогуу териштирүүдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, мигрант 3-май түнү мушташтан улам каза болгон. Бул окуя боюнча Москва райондук полициясына элчилик тарабынан расмий кат жиберилди.

Учурда жергиликтүү полиция тарабынан аны өлтүрүүгө шектелип, эки киши кармалды.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген. Анын 90% Орусиядан.

XS
SM
MD
LG