Ссылки доступа

Хива шаарынын тарыхый бөлүгүнө кирүү үчүн акы алына баштады (видео)


Өзбекстандын Хива шаарында жайгашкан ачык асман алдындагы Ичан-Кала музей-шаарчасынын кире беришиндеги дарбазага турникеттер орнотулду. Эми бул тарыхый жайга кирүүнү каалаган ар бир адам 10 000 сумдан (1 доллардан ашык) акча төлөшү керек болот.

Музейдин директору Ичан-Калага кирүү үчүн акы алуу чечими туризмден кирешени көбөйтүү максатында кабыл алынганын билдирди.

Бирок шаардын бул тарыхый бөлүгүндө жашаган тургундар кыйынчылыктарга кабылып жатышканын билдиришүүдө. «Мен шаардын дарбазасы аркылуу күнүнө эки жолудан өтөм. Эгер өткөн сайын 10 000 сумдан төлөй берсем пенсиям дагы жетпей калат», — деди Жуманазар аттуу 69 жаштагы тургун.

Музейдин жетекчилиги жергиликтүү тургундар бул тарыхый жайды айланып өтсө болорун билдирди. «Элдер айланып өтүп турушса болот. Кийинчерээк Ичан-Каланын тургундары үчүн атайын туруктуу билеттерди даярдап чыгарууну пландап жатабыз», — деди музей кызматкери.

Хива байыртадан бери адамдар жашап келген тарыхый шаар катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине 1968-жылы киргизилген.

XS
SM
MD
LG