Ссылки доступа

Ашхабадда жеке таксилерге "аңчылык" уланууда


Полицейский рейд, Ашхабад, 6 мая, 2019
Полицейский рейд, Ашхабад, 6 мая, 2019

Ашхабадда мыйзамсыз жүргүнчү ташыган айдоочулардын автоунаалары айып жайына токтотулуп, 600-700 (172-200 доллар) манаттан айыппул салынууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

"Ашхабадда жеке таксилерге “аңчылык кылуу' абсурдга айланды. Алардын көбү бул иш менен алектенбей деле калышты, чыкса өтө сейрек чыгышат. Бирок МАИчилер жүргүнчүсү бар бардык автоунааларды токтотуп жатышат. Эгер жаныңдагы адамдын тууганың экенин далилдебесең, автоунааң айып жайга жеткирилет", - деп жазды басылма.

Ашхабаддык айдоочулардын айтымдарында, айыппул салынып жаткан автоунааларды көбү жеке иштери менен бараткан жөнөкөй шаар тургундарына таандык. "Кимдир бирөө инисин, башкалары коңшусун алып бараткан болот. Бирок алар жүргүнчүсү бар бардык автоунааларды катары менен токтотуп жатышат", - деди айдоочулардкын бири.

Ашхабадда жеке таксилерге “аңчылык кылуу” быйыл апрелдин башында башталган. Анда президент Гурбангулы Бердымухамедов жеке адамдар тарабынан жүргүнчү ташыган учурларды жое албагандыгы үчүн өлкөнүн ички иштер министрине сөгүш жарыялаган .

XS
SM
MD
LG