«Бул багытта бизде бекитилген план бар. Ага ылайык, келишимге быйыл жылдын аягына чейин кол коюлат», - деди Мирзамахмудов.
Өткөн жумада Өзбекстанга иш сапары менен барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар АЭС курула турган жер боюнча макулдашууга келишкенин билдирген. Бирок азырынча ал жердин аталышы жашыруун бойдон калууда.
Журабек Мирзамахмудовдун айтымында, АЭСтин алгачкы энергетикалык блогу 2028-жылы, экинчиси 2030-жылы пайдаланууга берилиши керек.
«Биздин божомолубуз боюнча Өзбекстанда электр энергиясына болгон суроо-талап эки эсеге өсүп, 170 млрд киловатт саатка жетет. АЭС бул суроо-талаптын 15-16 пайызын жабат», - деп билдирди «Узатомдун» башчысы.
Былтыр октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусия лидери Владимир Путин Жизактагы АЭСтин курулушуна расмий старт беришкен.