Ссылки доступа

Токаев: өкмөт көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардам берүү тапшырмасын толук аткарды


Казак өкмөтү муктаж адамдарга даректүү социалдык жардам берүү боюнча мамлекет башчынын тапшырмасы аткарылгандыгы боюнча маалымат берди. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттер» баракчасына жазды.

6-майда өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев жыл ичинде даректүү социалдык жардамдарды берүү үчүн 130 миллиард теңге (340 миллион доллар) бөлүнгөнүн билдирген. Министрдин айтымында, учурда социалдык төлөм 160 миңден ашык муктаж үй-бүлөгө берилип, жалпысынан ал 860 миң киши үчүн жардам болгон.

Быйыл мартта «Нур Отан» партиясынын курултайында сүйлөгөн өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаев даректүү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүп, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бир баласы үчүн бериле турган сумманы 21 миң теңгеге жеткирүүнү убадалаган.

Назарбаевдин бул убадасы көп балалуу энелер жөлөкпулду көбөйтүү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу жана башка бир катар маселелерди чечип берүү талабы менен нааразылык акциясын өткөрүп жаткан маалда айтылган. Казакстанда мындай акциялар быйыл 4-февралга караган түнү Нур-Султанда жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.

Апрелде көп балалуу энелер социалдык жардам алуудагы көйгөйлөргө даттанып, жөлөк пул алуу үчүн кошумча документтер талап кылынып жатканын айтып кайрадан нааразылык акциясына чыгышкан.

XS
SM
MD
LG