Ссылки доступа

Киев соту «РИА Новости-Украина» агенттигинин жетекчисинин камактагы мөөнөтүн узартты


Кирилл Вышинский сотто. 2019-жыл, март айы
Кирилл Вышинский сотто. 2019-жыл, март айы

Киев шаардык соту мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жаткан «РИА Новости-Украина» агенттигинин жетекчиси Кирилл Вышинскийдин камактагы мөөнөтүн узартты.

Жактоочулар анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнүшкөн. Бирок сот Вышинскийди кеминде 22-июлга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

​Кирилл Вышинский былтыр 15-майда «РИА Новости-Украина» агенттигинин кеңсесиндеги тинтүүдөн кийин кармалган. Ошол эле күнү Украинанын Коопсуздук кызматы ал мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жатканын билдирген. Анда кеңседе журналисттин «Орусия бүгүн» медиатобу менен түзүлгөн эмгек келишими, ири суммадагы акча жана курал-жарак табылганы кабарланган. Бул берене боюнча күнөөсү далилденсе Вышинский 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал өзү айыптоолорду четке кагууда.

Орусия бийлиги менен Кремлге жакын маалымат каражаттары Вышинскийдин камакка алынышын сындап келишет. Былтыр сентябрда ал Орусиянын журналисттер биримдиги тарабынан Анна Политковская атындагы «Камертон» сыйлыгы менен сыйланган. Вышинский өзү укуктук жардам сурап орус президенти Владимир Путинге кайрылган.

XS
SM
MD
LG