Ссылки доступа

Хожент түрмөсүндөгү тополоңду уюштурууга айыпталгандар 20 жылга соттолушу мүмкүн


Прокурорлор былтыр ноябрда Хожент түрмөсүндө чыккан тополоңду уюштурууга айыпталып жаткан жарандарга дагы 10-20 жылдан жаза мөөнөтүн кошууну талап кылышты.

Бул иш боюнча быйыл мартта башталган сот жабык өтүп жатат. Анда айыпталуучу катары абакта жазасын өтөп жаткан 30дан ашуун киши өтүүдө. Аларга «Адам өлтүрүү», «Денеге оор залал келтирүү», «Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү» жана «Түзөтүү абагындагы режимди бузуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Өз булактардын маалыматына караганда, айыпталуучулардын көбү буга чейин экстрмисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, 15 жылдын 25 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушкан.

Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жаракат алган.

Тажик бийлиги айыпталуучулар тополоң уюштурууга төрт ай даярдык көргөнүн билдирген. Козголоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган. Бирок камактагылар ИМ өкүлдөрүнөн эч кандай тапшырма албаганы кабарланууда.

​Хожент абагындагы тополоңдун чыгышына түзөтүү абагындагы кызматкерлердин камактагыларга карата катаал мамилеси себеп болгону айтылып келет. Буга байланыштуу түрмөнүн сегиз кызматкери камалган. Алардын арасында абактын башчысы Файзулло Сафарзода дагы бар.

XS
SM
MD
LG