Ссылки доступа

Казакстан Башкы прокуратурасы митингге чыккандар жазаланарын эскертти


Казакстан Башкы прокуратурасы жарандарды мыйзамсыз митингдерге чыкпоого чакырып, катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Көзөмөл органдын билдирүүсү өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы 9-майда Алматы жана Нур-Султан баш болгон ири шаардарда таза шайлоого үндөгөн митинг өткөрүү планын жарыялагандан кийин чыкты.

Башкы прокуратура мыйзамсыз акцияларга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын буга чейин да эскерткенин, ага кулак төшөбөгөндөр административдик жазага тартылганын белгилеген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда өткөн митингдер учурунда Алматыда жана Нур-Султанда 80 адам кармалганын кабарлаган. Алардын көбү тынч жыйын өткөрүү тарбибин бузууга айыпталган. Ондогон киши административдик камакка алынып же айыппулга жыгылган.

Башкы прокурордун орун басары Булат Дембаев жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, мыйзамдарды бузбоого үндөгөн.

6-майда Казакстан ИИМи өздүк курам 12-майга чейин күчөтүлгөн иш тартибине өткөнүн жарыялаган.

Казакстанда 9-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болот.

XS
SM
MD
LG