Ссылки доступа

Батукаевдин иши боюнча дагы үч дарыгер камалды


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жана азыркы үч кызматкери кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

«Булар азыр ИИМдин убактылуу кармоочу жайында. Борбордун өкүлдөрү үчөө менен тең сүйлөшүп чыгышты. Алар ЖАМКтын азыркы жана мурда иштеген дарыгерлери. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралышы керек», — деди ал.

ИИМ бул боюнча маалымат берген жок.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, иши ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Кийин, 30-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра каралаарын айткан.

XS
SM
MD
LG