Ссылки доступа

Душанбеде жүзгө жакын киши Орусиянын желеги алдында өткөн «Өлбөс полкко» катышуудан баш тартты


Душанбеде жүзгө жакын киши Орусиянын желеги алдында өткөн «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышуудан баш тартты.

Алар акция өтө эле саясатташып кеткенин айтып, ага Орусиянын желеги алдында катышпай тургандыктарын билдиришти.

«Өлбөс полк» — Экинчи дүйнөлүк согуш маалында биздин жалпы мекенибизди коргогон аталарыбызды эскерүүгө арналган. Бирок бул акцияда негизинен Орусиянын желегин көтөрүп жүрүшөт. Ошондуктан биз кызыл желек көтөрүп, өз алдынча жүрүш өткөрүүнү чечтик», — деди акцияга катышуудан баш тарткан жарандардын бири.

Былтыр расмий уруксат берилбегенине карабастан, Душанбеде «Өлбөс полк» жүрүшү өткөн. Анда бийлик акцияга уруксат берилбегенин катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес экендиги менен түшүндүргөн.

«Өлбөс полк» — 9-майда Орусиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн шаарларында өтүп келаткан коомдук акция. Анын катышуучулары Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп, жүрүш өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG