Ал колдоруна шимпанзе көтөргөн жубайлардын сүрөтүн жарыялап, алдына «королдук наристе төрөт үйүнөн чыкты» деп жазган. Бирок көп өтпөй бул билдирүүсүн өчүрүп салган.
«Жаңы эле Би-Би-Си 5 радиосунан кетиришти», — деп жазды 61 жаштагы журналист «Твиттердеги» баракчасына.
Бейкердин социалдык түйүндөгү 500 миң окурманынын көбү аны расизмге айыпташты. Күн мурун канзаада Гарри менен анын жубайы Меган 6-майда жарык дүйнөгө келген уулу Арчи Харрисонду коомчулукка көрсөтүшкөн. Былтыр канзаадага турмушка чыккан актриса Маркл Меган британ королдук династиясынын тарыхтагы алгачкы африкалык мүчөсү болуп калган.
Би-Би-Синин алып баруучусу анын билдирүүсүндө расисттик маани жок экенин айтып, сүрөт үчүн кечирим сурады.
Журналистикада 1989-жылдан бери иштеп келген Бейкер радиодо күн сайын болчу шоуна алып барчу. «Дэнни – мыкты алып баруучу, бирок ал мындан ары биз менен бул шоудо катышпайт», — деп жазды Би-Би-Синин өкүлү. Ал журналисттин «Твиттердеги» билдирүүсү компания карманган баалуулуктарга каршы келерин белгиледи.