Ссылки доступа

Таиландга адам соодалаган тажикстандык аял соттолду


Тажикстандык Замира Фуркатзода адам сатуу айыбы менен 7 жылга түрмөгө кесилди. Истаравшан шаардык сотунан кабарлашкандай, ал тажикстандык аялдарды Таиланд, Индия жана Түркияга сойкулук менен алектенүүгө алып чыгып кетүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Замира Фуркатзоданын кылтагына илинген үч аял Таиланд, Индия жана Түркияга барганда түнкү клубдун кардарларын тейлөөгө мажбур болушкан. Замира Фуркатзода дагы бир келинди өлкөдөн алып чыгууга аракет жасаган маалда кармалган.

Сотто Фуркатзода күнөөсүн четке кагып, чет өлкөгө барган аялдар эмне иш менен алектенишерин алдын ала билишкенин айтты. Бирок жабырлануучулар Фуркатзода аларга үй кызматкердин, бала багуучунун жумуштарын сунуштаганын билдиришти.

«Фемида» социалдык-укуктук колдоо көрсөтүү борборунун төрайымы Саноат Солиеванын айтымында, адатта Тажикстандан аялдарды сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн Түркия, Орусия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмиратына алып кетишет.

Тажикстан 2013-жылы мыйзамга “кул соодасы” деген түшүнүк киргизген, ал үчүн жаза мөөнөтү 5 жылдан 12 жылга чейин каралган.

XS
SM
MD
LG