Ссылки доступа

ММК: Өзбекстанда атайын кызматтын мурдагы жетекчиси мамлекеттин саясатына көзмөл жүргүзүүгө аракет жасаган


Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Ихтиёр Абдуллаев күч түзүмдөрүндөгү жетекчи кызматтарга өзүнүн ишенимдүү кишилерин коюу менен мамлекеттин саясий ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө аракет жасаганы айтылууда. Бул тууралуу Xabar.uz интернет басылмасы маалымдады.

«Ал үстөмдүк көрсөткөн күндөрүн сагынып, укуктук талаадан чыгып, коррупциянын сазына батканы үчүн айыпталууда. Бул учурда президент ага саясий ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө аргасыз болгон», – деп жазды Xabar.uz.

Интернет басылманын маалыматы боюнча генерал көз карандысыз сайттарды жабууга, чет өлкөдө жашаган айрым жарандардын жардамы менен жасалма оппозициялык кыймылдарды түзүүгө буйрук берип, президент жүргүзүп жаткан демократиялык реформаларга бут тоскону айтылууда.

52 жаштагы Абдуллаев атайын кызматты 2018-жылдын 31-январынан тартып башкарган. Ага чейин башкы прокурор жана Өзбекстан парламентинин жогорку палатасына мүчө болуп иштеген.

11-февралда Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы ден соолугуна байланыштуу иштен кеткен. Кийинчерээк ал "кызмат абалынан кыянат пайдаланган, пара берген жана алган" деп айыпталып жатканы маалымдалган.

Xabar.uz –«Хабар» гезитинин электрондук версиясы. Өзбекстандагы Байланыш жана маалымат технологияларын өнүктүрүү министрлигине карайт.

XS
SM
MD
LG