Ссылки доступа

«Фейсбуктун» негиздөөчүлөрүнүн бири социалдык түйүн демократияга коркунуч жаратарын билдирди


«Фейсбуктун» негиздөөчүлөрүнүн бири Крис Хьюз социалдык түйүндү монополист деп атап, демократияга коркунуч жараткандыктан аны бир нече бөлүккө бөлүүгө чакырды. Бул тууралуу ал The New York Times гезитиндеги колонкасына жазды.

Хьюз компаниянын башчысы Марк Цукерберг бизнестеги же өкмөттөгү адамдардан дагы чоң таасирге ээ деп эсептейт. «Марк жалгыз өзү эле «Фейсбуктун» алгоритмдерин, анын ичинде купуялуулуктун, жаңылыктар лентасынын параметрлерин кандай кылуу керектигин чечип коё алат. Ал кастыкты козуткан билдирүүлөр менен кемсинткен билдирүүлөрдү айырмалоонун эрежелерин бекитип, атаандаштарын унчукпай коюуга мажбурлай алат. Марк болуп көрбөгөндөй бийликке ээ», — деп жазды Хьюз.

Ал «Фейсбукка» таандык Instagram социалдык түйүнү менен WhatsApp мессенджерин өзүнчө компанияларга бөлүүнү сунуштады. Хьюздун айтымында, Федералдык соода комиссиясы башынан эле буларды бириктирүүгө жол бербеши керек болчу. Ал ошондой эле жакынкы бир нече жылдын ичинде «Фейсбуктун» кошумча сатып алууларына тыюу салуу керек деп эсептейт. Анын белгилешинче, компания акыркы кездери атаандаштарын сатып алып же алардын идеяларын көчүрүп алууда.

Мындан тышкары Хьюз Конгрессти колдонуучулардын интернеттеги купуялуулугунун корголушуна жооп бере турган жаңы федералдык агенттик түзүүгө чакырды. «Ал агенттик социалдык түйүндөрдө «уруксат бериле турган сөздөрдү» аныктоонун негизги принциптерин белгилөө менен алектениши керек. Цукербергдин билдирүүлөрдү көзөмөлдөөсү – дале болсо эки миллиард адамды «ооздуктоонун» ыкмасын таба элек «Фейсбуктун» эң көйгөйлүү аспектиси болуп эсептелет», — деп жазды Хьюз.

XS
SM
MD
LG