Ссылки доступа

Ооганстанда белгилүү тележурналист Мена Мангал өлтүрүлдү


Мена Мангал
Мена Мангал

Кабулда ишемби күнү эртең менен тележурналист Мена Мангал киши колдуу болду. Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, ага базарга жакын жерде кол салышкан.

Мотоцикл айдаган эки киши Мангалды атып кетишкенин күбөлөр «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган кызматына билдиришти.

Алгач бирөө асманга ок атып, элди тараткан, артынан журналистти эки ирет аткан. Ал кезде Мангал жумушка барыш үчүн машине күтүп турган. Полиция кылмышкерлерди таба элек.

Мена Мангал Ооганстандын парламентинде маданият тармагы боюнча кеңешчи болуп да иштеген. Он жылдан ашуун убакыттан бери «Ariana TV», «Lamar» жана «Shamshad TV» жеке телеканалдарында эмгектенип жүргөн. Социалдык тармактагы баракчаларында аялдардын көйгөйүн, негизинен билим алуу, эмгектенүү укуктары тууралуу көп жазган. 2017-жылы өзүн мажбурлап турмушка узатышканын билдирип, майдын башында ажырашкан.

Акыркы кездери белгисиз кишилер ага өлүм менен опузалаган билдирүүлөрдү жөнөтүп жатканын айткан эле.

XS
SM
MD
LG