Маалыматка караганда, USM Holdings компаниясынын негиздөөчүсү Усмановго биринчи даражадагы “Достык” ордени Казакстан менен Орусиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Усманов Өзбекстанда төрөлгөн. Forbes журналынын рейтинги боюнча Орусиядагы эң бай адамдардын бири. Бир нече жыл бою биринчиликти камсыздап келген. Былтыр анын байлыгы 12,6 миллиард долларга бааланган.
2018-жылдын январында АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган баяндамада Усманов орус өкмөтүнө жана президент Путинге жакын олигархтардын бири катары аталган.