Ссылки доступа

Муфтияттын өкүлү элчи менен байланышкан окуяга түшүндүрмө берди


Муфтият Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратка байланыштуу жагдайга түшүндүрмө берди. Басма сөз катчы Максат Атабаев элчинин ооз ачардан нааразы болуп, кетип калганын «Азаттыкка» тастыктады.

Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видео 12-майда Интернетке тарады. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп, ресторандан кетип калган. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да бетке кармаган.

«Ифтарга адамдарды эч ким бөлүп чакырбайт да. Баары чакырылган. Ошол жакта өз ара келишпестик болуп, анан абал жөнгө салыныптыр. Азыр баары жакшы», - деди муфтияттын басма сөз катчысы.

Окуя 8-майда болгон. Түрк элчилигинен бул маселе туурасында комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түзүүчүсү - диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган.

XS
SM
MD
LG